super.kg logo

Токаевге январь айындагы тополоңдо Казакстандан чыгып кетүү сунушталганы белгилүү болду

 

Коңшу Казакстандагы январь окуясында президент Касым-Жомарт Токаевге өлкөдөн чыгып кетүү сунушталган. Бул тууралуу ошол кезде мамлекет башчынын аппаратын жетектеп турган Мажилистин төрагасы Ерлан Кошанов жергиликтүү телеканалга берген маегинде айтты.

"Ага өлкөдөн чыгып, коопсуз жерге кетүүнү ким сунуштаганын так билбейм. Мен сунуш айтылганын гана билем, бирок ким сунуштаганын билбейм", - деген ал.

Кошанов президентке күзөтчүлөрдүн бири киргенин, Акордага кол салуу болушу мүмкүн экенин айтканына күбө болгонун кошумчалады.

"Көз алдымда болгон бир окуяны айтып берейин. Алматыда, аймактарда тополоң башталганда мен президенттин аппаратында болчумун, бир коопсуздук кызматкери кирип: “Урматтуу президент, Акордага кол салуу болушу мүмкүн, сизди коопсуз жайга алып барышыбыз керек" деди. Туура, бул алардын жумушу болчу. Бирок мен ошондо президентти башкача көрдүм. Ал абдан катуу жооп берип, “Мен эч жакка барбайм, эмне болсо да ушул жерден көрөм” деп жооп берди", - деп кошумчалады Кошанов.

Анын айтымында, январь окуясында Токаев 10 күн Акордадан чыккан эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.10.2022. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токаевди кордук го анык жузун. Январь окуяларында ыйламсырап Орусиядан дардам сурап, кийлигишуусун суранып...анан эшеги ылайдан откондон кийин Орусияга кайра сес корсотуп калганын.....аааай казак туугандар ишенбегиле бу чалынарга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: