Жети миллионунчу Жакшылык төрөтканадан үйүнө чыгарылды (видео)
Кыргызстандын жети миллионунчу жараны болуп төрөлгөн Жакшылык төрөтканадан чыгарылды. Анын видеосу менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда жарыкка келген. Ал салмагы 3,9 килограмм, бою 54 сантиметр болуп төрөлгөн.
Жакшылыктын ата-энеси Валижан Абдурасулов менен Айжаркын Сыраждинова Баткендин Кызыл-Кыя шаарында турушат. Жакшылыктын төрөлүшү менен алар эки уул, эки кыздын ата-энеси болушту.
Ымыркайга Жакшылык деген ысымды мамлекет башчы Садыр Жапаров ыйгарган.
Наристенин депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыгына колдоно ала турганы айтылган.
Жети миллионунчу Жакшылык төратканадан үйүнө чыгарылды
