Балбандар дүйнө чемпионатынан кайтып келишти
Бүгүн, 25-октябрда Испанияда өткөн 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатына катышкан эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов , күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Бекбоев, федерациянын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты.
Белгилей кетсек, дүйнө чемпионатында Тайырбек Жумашбек уулу 61 килограмм салмак категориясында күмүш медаль, Бекзат Алмаз уулу 57 килограмм салмак категориясында коло байге жеңди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.