super.kg logo
  Саясат  

Мирлан Самыйкожо: "Ар бир депутаттын өз абийирине коём"

 

SUPER.KG порталынын "Галстуктар" долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо болду. Эл өкүлү менен кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору жана анын айланасында орун алган окуялар туурасында маектештик.

"Кемпир-Абад боюнча айтылып жаткан сөздөр ар түрдүү болууда. Оозеки айтылып жатат. Бирок кайсы жерлер берилип, кайсы жерлер алынып жаткандыгы туурасында бизге тиешелүү кагаздар келе элек. Так маалымат болмоюнча эч кандай чечим чыгара албайбыз" ,- деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал Чыңгыз Айдарбековдун комитет төрагалыгынан алынуусу боюнча айтылып жаткан сөздөрдү ар бир депутаттын өз абийирине коёрун билдирди.

"Ар бир депутаттын абийирине коём. Сүйлөп жаткан сөзүндө ар бир депутат абийири үчүн жооп бериши керек. Саясат да, 5 жыл мөөнөт да бүтөт. Бирок ошол жерде сүйлөнгөн сөз калат. Ал мамлекетке оң же терс таасирин тийгизип калат", - деди ал.

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: