super.kg logo
  Саясат  

Дмитрий Медведев Орто Азия мамлекеттеринин жарандарынын Орусияга виза менен кирүүсү өкмөттүн планында каралбаганын айтты

 
Орусия Федерациясынын Премьер-министри Дмитрий Медведев Орто Азия мамлекеттеринин жарандарынын өлкөгө виза менен кирүүсү өкмөттүн планында каралбаганын айтты. Мындай билдирүүнү Медведев бүгүн, 6-декабрда, “Россия” телеканалынын түз эфиринде жергиликтүү журналисттери менен болгон маек учурунда (Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө) билдирди.
Өкмөт башчы КМШ мамлекеттери менен болгон визасыз каттоолор сакталыш керектигин эскертти. Ал мунун себебин Орусия КМШдан келген жогорку квалификациялуу адистер менен катар квалификациясы төмөн, бирок курулушту мыкты билген кадрларга муктаж экендиги менен түшүндүрдү. 
Анын айтымында, виза режими киргизилбесе да чек арадан өтүүдө бардык формалдуулуктар сакталып, паспорт, камсыздандыруу карталары текшерилип, каттоодон өтөт. Ошондой эле премьер-министр мыйзамды бузган мигранттар жоопко тартылып, өз мамлекетине жөнөтүлөрүн жана жазага эмгек мигранттары менен катар алардын жумуш берүүчүлөрү да тартыларын кошумчалап өттү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: