Энергетика министри элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды
Энергетика министри Таалайбек Ибраев калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Ал бүгүн 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика тармагынын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.
“Электр энергияны үнөмдөгөн мамлекет гана бай болот. Өзүңөр көрүп жатасыңар, күндүз дагы ресторан, унаа жуучу жайдын электр жарыгы күйүп турат. Күндүзгү маалда лимитти кармагыла деп суранып жатабыз", - деди министр.
Ошондой эле ал бүгүнкү күндө өлкө аймагы боюнча 16 миллиард 200 миллион кВт саат электр энергия колдонулуп жаткандыгын, 3 миллиард кВт саат дефицит болуп жатканын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

