super.kg logo
  Саясат  

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди

 

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев үстүбүздөгү жылдын 11-12-октябрында болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча өлкө башчы Садыр Жапаровго ыраазычылык катын жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ильхам Алиев өзгөчө көңүл буруу жана меймандостук, ошондой эле ага жана азербайжандык делегацияга болгон чыныгы боордоштук мамиле үчүн ыраазычылык билдирди.

"Мен азербайжан-кыргыз мамилелеринин тарыхында жаңы баракты ачкан сапардын жыйынтыгына абдан канааттандым. Сиз менен чын ниетте жана өз ара ишенимдин негизинде өткөн жолугушуубузду, ошондой эле эки тараптуу мамилелерди жана кызматташтыгыбыздын келечеги боюнча өткөргөн сүйлөшүүлөрдү жогору баалайм.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргыз элинин жакын досу, азербайжан элинин улуттук лидери Гейдар Алиевдин ысымын алган Бишкек шаарындагы мектеп-гимназиянын жана элибиздин улуу акыны жана ойчулу Низами Гянжеви атындагы мектептин ачылышы үчүн ыраазычылык билдирем. Сапардын жүрүшүндө боордош элдерибиздин ортосундагы бузулгус байланыштарды чагылдырган Кыргызстан-Азербайжандын достук паркынын ачылышына катышуу өзгөчө кубанычтуу болду.

Биз муну эки элдин ортосундагы достук менен боордоштуктун символу жана азербайжан элинин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн элесине сый-урмат көрсөтүү катары баалайбыз. Кыргызстан — биз үчүн тили, тарыхы жана маданиятыбыз тамырлаш болгон боордош өлкө жана стратегиялык өнөктөш.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалайм",- деп айтылат Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин ыраазычылык катында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: