super.kg logo
  Саясат  

Бишкек ЖЭБин жазында мэриянын карамагына өткөрүү пландалууда

 
Бишкек ЖЭБин быйыл күз-кышкы сезондон кийин мэриянын карамагына өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
"Бишкек ЖЭБине эң көп карыз алынган. Энергосектордун көп акчасы ошого кетет. Күзгү-кышкы сезондон кийин Бишкек ЖЭБин мэрияга өткөрүп беребиз. Менин биринчи милдетим карызга баткан энергосекторун баткактан чыгаруу", - деди Ибраев.
Ал бүгүнкү күндө энергетика тармагындагы карыз 136 миллиард сомду түзөрүн билдирди. Ошондой эле чет жактан алынган насыяларга "Датка - Кемин" электр линиясы курулуп, "Датка" подстанциясы, Бишкек ЖЭБи реконструкцияланганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, учурда Бишкек ЖЭБи “Электр станциялары” ААКсынын балансында.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: