super.kg logo

"Кручу-верчу деген сыяктуу эле болуп жатат". Депутат мугалимдердин айлык маянасы боюнча маселени көтөрдү

 

Мурда 18 миң сом маяна алган мугалим айлык көтөрүлгөндөн кийин 35 миң сом алып жаткан болсо, азыр кайра 22-23 миң сомго чейин азайып кеткен фактылар бар. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

"Бардык жерде деп айтпайм, бирок айрым жерлерде мугалимдердин айлык маянасы азайып кеткен учурлар бар экен. Алардын сааттары азайып, класс жетекчилик бир класс менен чектелип жатыптыр. Олимпиадага даярдаган мугалимдерге кошумча төлөм төлөнчү экен, ал дагы алынганын айтып жатышат. Мен ойлойм бул туура эмес. Бул "кручу-верчу" калганын айтпай эле коёюн, ошол сыяктуу эле болуп жатат. Баарына бирдей болсун. Берилсе баарына бирдей берилсин. Тиешелүү жетекчилерге тапшырма берип карап коюңуздар", - деди Маматалиев.

Эл өкүлү бир жагынан жакшы жумуштар болсо, экинчи жагынан туура эмес кадамдар болуп жатканына токтолду.

Эскерте кетсек, ушул жылдын апрель айында мамлекет башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен өлкөдө мугалимдердин айлык маянасы 80 пайызга чейин көтөрүлгөнү кабарланган.

Бирок соңку айларда мугалимдер айлык маянанын азайып кеткенин айтып чыгышууда.






Эл өкүлү мугалимдердин аялык маянасы боюнча маселени көтөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: