super.kg logo

Чиновникке байланышкан окуядан улам ырчы Витас 4 айга камакка алынышы мүмкүн

 

Белгилүү орусиялык ырчы Витас чиновникке байланышкан чуулгандуу окуянын кесепетинен 4 айга камалышы мүмкүн экенин орус басылмалары жазышат.

Маалым болгондой, ырчы буга чейин Москвадагы караоке-клубдардын биринде Эмгек министрлигинде иштеген адамдын көзүнө газ баллон чачып жиберген.

"Ырчы Виталий Грачёв (Витас) караокеде отуруп, Эмгек министрлигинде иштеген 38 жаштагы Султан Жандигинов аттуу киши менен пикир келишпестиктен улам анын көзүнө газ баллон менен чачып жиберген. Натыйжада жабырлануучу полицияга арыз менен кайрылган.

Бул факты Орусия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 115-беренеси (атайылап ден соолукка жеңил жаракат келтирүү) менен каттоого алынган. Витас же үй камагына же 4 айлык мөөнөткө камакка алынышы мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: