Жогорку Кеңештин депутаттары КМШ ПААнын төш белгилери менен сыйланышты



Бүгүн, 28-октябрда Самарканд шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындарынын алкагында депутаттарга сыйлык тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, КМШ ПААнын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын төрагасы Искендер Матраимов ассамблеянын “Парламенттик кызматташтыкты бекемдегендиги үчүн” төш белгиси менен сыйланды.
Ал эми КМШ ПААнын Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча комиссиясынын мүчөсү Талайбек Масабировго “КМШ ПАА.30 жыл” маарекелик төш белгиси ыйгарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

