super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин делегациясы КМШ ПААнын пленардык жыйынына катышты

 

Бүгүн, 28-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 54-пленардык отуруму өттү. Иш-чарага төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы катышканын парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, отурумду КМШ ПААнын кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко ачып, андан соң ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттик делегацияларынын башчылары, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү жана ардактуу коноктор сөз сүйлөштү.

Кезектеги пленардык жыйындын алкагында шериктештикке мүчө мамлекеттердеги шайлоо процесстерин мыйзамдык жактан камсыздоо боюнча маалыматтар берилди.

Андан тышкары, шайлоо чөйрөсүндөгү моделдик мыйзамдар жана сунуштар, коопсуздук маселелери, билим берүү, илим жана техника, саламаттыкты сактоо, маданият жана искусство жаатындагы, ошондой эле кызматташуунун башка актуалдуу багыттары боюнча баяндамалар угулду.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында Аида Исатбек кызы, Алишер Козуев, Жусупбек Коргонбай уулу, Арсланбек Малиев, Талайбек Масабиров, Искендер Матраимов, Жылдыз Таалайбек кызы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: