super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров ЖККУнун видеоконференция форматындагы кезексиз сессиясына катышты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз сессиясына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы Кыргызстан Армения менен Азербайжандын ортосундагы келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөө боюнча конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чыр-чатакты тынчтык жолу менен гана чечүүнү жактай турганын дагы бир жолу белгиледи.

"Садыр Жапаров Кыргызстан Армения менен Азербайжандын ортосундагы жөнгө салуу процесси эл аралык укуктун базалык принциптери менен ченемдеринин, ошондой эле 1991-жылдагы Алма-Ата декларациясынын негизинде улантылып жатканын кубаттай тургандыгын, түзүлгөн кырдаалдын суверенитетти, аймактык бүтүндүктү жана бири-биринин эл аралык коомчулук тарабынан таанылган чек араларынын бузулгустугуна өз ара сый-урмат көрсөтүүнүн негизинде тез арада турукташуусуна үмүт артарын кошумчалады",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кезексиз сессия өткөрүүнү быйыл уюмга төрагалык кылган Армения Республикасы демилгелеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: