super.kg logo
  Саясат  

Иманкулов ЮНИСЕФтин өкүлү менен Сириядан Кыргызстандын жарандарын кайтаруу маселесин талкуулады

 

Бүгүн, 28-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Марат Иманкулов ЮНИСЕФтин Кыргызстанда балдардын укуктарынын сакталышына байланыштуу гуманитардык маселелерди чечүүгө кошкон чоң салымын белгиледи.

Ошондой эле жакынкы мезгилде Түндүк Сириядан балалуу энелерди алып келүү маселесине токтолду.

"Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргызстан өз жарандарын репатриациялоо процессин ишке ашыруу менен балдарга баладай мамиле жасоо принциптерин, тагыраак айтканда, алар тууралуу купуялуулукту сактоо, ошондой эле репатриацияланган балдардын энелери менен туруктуу байланышын камсыз кылуу принциптерин карманарын билдирди",- деп айтылат маалыматта.

Иманкулов бул ишке тартылган бардык мамлекеттик органдар кайтып келе турган балдарды тосуп алуу жана аларды коомго аралаштыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аракеттери көрүлүп жаткандыгын кошумчалаган.

Мындан сырткары жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштарда жабыркаган үй-бүлөлөрдү реабилитациялоо, ошондой эле ок атышуу болгон аймактардан балдарды репатриациялоо маселелери талкуулангандыгы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: