super.kg logo

Орусияда жарыяланган жарым-жартылай мобилизация аяктады

 
Орусияда жарыяланган жарым-жартылай мобилизация аяктады. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путинге маалымат берип жатып айтканын Риа Новости жазды.
Маалымдалгандай, мобилизациянын алкагында аткаруу бийлик органдарынан 1300дөн ашык өкүл, 27 миңден ашык ишкер, 13 миң жаран чакырууну күтпөй, өз ыктыяры менен аскердик катарга кошуларын билдирген. Алар аскердик бөлүктөргө жөнөтүлгөн. Алардын орточо жаш курагы 35 жаш экени айтылды.
Мындан сырткары, учурда 218 миң адам аскердик даярдыктан өтүп жатканы кабарланды. Ал эми 82 миң адам даярдыктан өтүп, Украинадагы атайын операция өткөн аймактарга жөнөтүлгөн.
Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жүрүп жаткан учурда Куралдуу күчтөрдүн катарына кошулган жарандарга ыраазычылыгын билдирди.
Орусияда президенттин буйругу менен үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрда Коргоо министрлигинин, Башкы штабдын сунушу менен жарым-жартылай мобилизация жарыяланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: