Бишкекте жети миллионунчу кыргызстандыкка удаа төрөлгөн ымыркайдын үй-бүлөсүнө 200 миң сом берилди
Бишкекте жети миллионунчу кыргызстандыкка удаа төрөлгөн наристенин үй-бүлөсүнө 200 миң сом берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, ымыркайдан Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кабар алып, анын үй-бүлөсүнө президенттин атынан сертификатты сүйүнчү катары тапшырган.
Ымыркайга Хамза деген ысым ыйгарылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 19-октябрга караган түнү 2:25те төрөлгөн.
Ал эми өлкөнүн жети миллионунчу жараны Баткендин Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн. Ага президент Садыр Жапаров Жакшылык деген ысымды ыйгарган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:54
2025-11-26
11:08
2025-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















