super.kg logo

Сеулда Хэллоуин майрамы учурунда 150дөн ашык адам каза болду (фото)

 

30-октябрга караган түнү Түштүк Кореянын борбору Сеулда Хэллоуин майрамын белгилөө учурундагы тыгындан 150дөн ашык адам каза болуп, 100дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу The Korea Herald басылмасы жазганын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Жабырлануучулар Итхэвондогу Гамильтон мейманканасынын жанындагы тар көчөгө чогулган элдин арасында болушкан.

Кырдаалга байланыштуу Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл чукул жыйын чакырды.

Жабыркагандар жана каза болгондор негизинен 20 жаштан ашкан жаштар экени айтылууда. Окуя болгон жерден тартылган үрөй учурган видеолор социалдык тармактарга жарыяланып жатат.

Жабыркагандарга дарыгерлер биринчи медициналык жардам көрсөтүшүүдө. Ал эми куткаруучулар басып калган адамдарды алып чыгууга аракет кылып жатканы кабарланды.

Маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, Хэллоуин майрамын белгилөө үчүн аймакка 100 миңдей адам чогулган. Анткени узак убакыттан бери биринчи жолу COVID-19га байланыштуу чектөөлөрсүз көчөдө жүрүүгө уруксат берилген болчу.

Өлкөнүн бардык аймактарынан 800дөн ашык куткаруучу тартылган. Сеулдун өрт өчүрүү кызматынын башчысы каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экенин, ал эми жаракат алгандардын саны белгисиз экенин айтты.

Каза болгондордун арасында 19 чет элдик, анын ичинде Орусия менен Өзбекстандын жарандары да бар экени айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: