super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 31-ОКТЯБРЬ: Англис тилдүү өлкөлөрдө Хеллоуин майрамы белгиленет

 

Хеллоуин Ирландия жана Шотландия өлкөлөрүндөгү байыркы уруулардын салттарына байланышкан заманбап майрам. Жыл сайын 31-октябрда белгиленет.

Хеллоуин англис тилдүү өлкөлөрдө майрамдалганы менен расмий түрдө белгиленбейт. ХХ кылымдын аягында глобалдашуу жараяны менен англис тилдүү эмес өлкөлөрдө да Хеллоуиндин атрибуттарына мода башталган. Бул майрам АКШ жана Улуу Британия менен маданий байланышы бар Япония, Түштүк Корея, Сингапур, Австралия жана Жаңы Зеландия сыяктуу өлкөлөрдө да белгиленет.

"Хеллоуин" сөзү англис тилиндеги All-Hallows-Even сөзүнүн гаэл тилинде кыскартылып айтылганы. Оксфорд сөздүгү боюнча бул сөз алгачкы жолу XVI кылымда эскертилет. Карнавал кийимдерин кийүү жакында эле пайда болгон салт. Алгачкы жолу карнавал кийимин кийип майрамдаган учур 1895-жылы Шотландияда катталган. Анда бет кап кийген балдар ар кайсы үйгө барып момпосуй, жемиш жана акча сурашкан. Хеллоуинде шайтандардын, вампирлердин, кубулма кишилердин, жез кемпирдин гана эмес, феянын, канбийкенин, поп-маданиятынын өкүлдөрүнүн да костюмдарын кийишет.

Бул майрам Кыргыз өлкөсүндө 2016-жылдан бери белгилене баштады.

31-октябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: