Аба соккусунан кийин Киевдин 80 пайызы суусуз калды
Киевдеги энергетикалык инфраструктуранын бузулушунан улам шаар тургундарынын 80 пайызга жакыны суусуз калды. Бул тууралуу Киев шаарынын мэри Виталий Кличко өзүнүн Телеграм каналына жазды.
Ошондой эле Кличко шаардагы 350 миңдей батир электр жарыгысыз калганын белгиледи.
"Киевсууканалдын" адистери суу чарба курулуштарын тез арада калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Киевдин жанындагы электр объектисинин бузулушунан улам борбордогу керектөөчүлөрдүн 80 пайызы суусуз калышты", - деп жазды ал.
Ошондой эле учурда шаарда электр жарыгын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын белгиледи Кличко.
Бүгүн, 31-октябрда эртең менен Украинанын бир катар аймактарында аба коркунучу жарыяланды. Жардыруулар Днепропетровск, Житомир, Запорожье, Кировоград, Полтава жана Ровно облустарында, ошондой эле Харьков менен Киевде болгон. Маанилүү инфраструктурага жасалган чабуулдардан улам бир катар аймактар электр жарыгысыз калды.













1 |