super.kg logo
  Спорт  

"Катар-2022": Франция курамасы дагы бир лидер оюнчусунан айрылды

 

Футбол боюнча Франция улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Поль Погба Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катыша албайт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Поль Погбага сентябрь айында операция жасалган. Бирок анын агенти жарым коргоочу медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин "Ювентус" клубуна алдыдагы оюндарда жардам бербестигин жана 20-ноябрдан 18-декабрга чейин өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катыша албай турганын айткан.

Буга чейин Франция курамасынын негизги курамында ойногон Н'Голо Канте жаракатынан улам Дүйнө чемпиондугуна катышпай турганы белгилүү болгон.

Бул эки футболчуну улуттук кураманын негизги курамында Аурельен Чуамени менен Адриан Рабьо алмаштырышы мүмкүн.

Француз футболчулары Дүйнө чемпиондугун 22-ноябрда Австралия курамасына каршы ойноо менен башташат. D тайпасында алардан тышкары Дания менен Тунис дагы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: