TikTok Орусиядагы кызматкерлеринен Кыргызстанга көчүүнү суранды
Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин TikTok'тун Орусиядагы кеңсесинин кызматкерлерин үч өлкөгө – Арменияга, Казакстанга жана Кыргызстанга көчүрүү сунушталган. Бул тууралуу Орусиянын РБК басылмасына компаниянын мурдагы кызматкери билдирген.
"Атайын аскердик операция башталганга чейин TikTok'тун Орусиядагы кеңсесинде 200-300 кызматкер иштеген. Бирок азыр ар бир үчүнчү кызматкер башка өлкөлөрдө жайгашкан", - деп жазылат маалыматта.
Жарым-жартылай мобилизация башталгандан кийин компания Орусиядан иштөөнү улантууну каалабаган кызматкерлерге үч өлкөнүн бирине көчүүнү сунуштаган. Бирок транспорт, турак жай сыяктуу маселелерди кызматкер өзүнө алууга тийиш эле. Ошол эле учурда бул вариантты колдонуу үчүн алар башка өлкөдөн иштөө үчүн эмгек келишимине кошумча келишим түзүшү керек болчу.
Мындан улам кызматкерлер бул сунушту колдогон эмес.

