Клубун алмаштырабы? Интернетке Роналдунун жаңы хансарайынын сүрөтү тарады
Дүйнөгө белгилүү футболчу Криштиану Роналду Португалиядан хансарай сатып алды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, футболчу жана анын үй-бүлөсүнүн жаңы үйү Квинта-да-Мариньяда жайгашкан жана үйдүн баасы 20 миллион евродон ашат. Хансарай үч кабаттан туруп, анда бир нече бакча, бассейн, спорт зал жана 20дан ашык унаа токтотуучу жай бар.
Кошумчалай кетсек, хансарай Лиссабон шаарынан 40 мүнөт алыстыкта жайгашкан. Мындан улам көпчүлүк басылмалар футболчу "Спортинг" клубуна өтөт деп божомолдоп жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:53
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.