super.kg logo
  Спорт  

Платини футболдогу сары айып кагазынын ордуна футболчуну майдандан 10-15 мүнөткө четтетүүнү сунуштайт

 

УЕФАнын президенти Мишель Платини футболдо көрсөтүлүүчү сары айып кагазынын ордуна футболчуну майдандан 10-15 мүнөткө четтетүүнү сунуштайт. Бул сунушун ал англиялык басылмаларга берген маегинде билдирди.

“Мен оюн эрежесин одоно түрдө бузган оюнчуга сары айып кагазын берүүгө караганда футболчуну майдандан 10-15 мүнөткө четтетип коюну туура көрөм. Анткени учурда сары айып кагазын алган оюнчу ошол оюнду толук ойноп, кийин башкасына чыкпай калат. Менин сунушум, эреже бузган оюнчу башка оюндарда командасына жардам берип, дал ошол ойноп аткан оюндан гана четтетилсе калыстык болмок. Бул кеп талкууга алынып, кеңешмелерде каралышы керек”,- деп билдирет Платини.

Эскерте кетсек, хоккейде, регбиде жана улуттук оюнубуз көк бөрүдө эреже бузган  оюнчу майдандан ошол замат  бир нече мүнөткө оюндан четтетилип, анан кайтат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: