super.kg logo

"Жалкоо болуп калышат". Кытайда лотереядан акча утуп алган адам үй-бүлөсүнө жеңишин айткан эмес

 

Кытайда лотереядан 30 миллион долларга жакын акчалай сыйлык утуп алган адам бул утушун аялы менен баласына айткан эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматта айтылгандай, ал Гуанси-Чжуан провинциясында бир эле учурда ар биринин баасы 11 доллардан турган 40 билет сатып алган. Алардын баары байгелүү билет болгон.

Билеттердин санын кошкондо жалпы утуш 220 миллион юанды (болжол менен 30 миллион долларга жакын) түзгөн. Атын атагысы келбеген адам сыйлык тапшыруу аземине мультфильмдин каарманынын костюмун кийип келген. Ал мындай чечимин акча аялы менен баласын текебер жана жалкоо кылып коюшу мүмкүн деген кооптонуу менен түшүндүргөн.

"Мен аялыма жана балама ири суммадагы утушка ээ болгонумду айткан жокмун. Алар өздөрүн башка адамдардан жогору сезип, көп иштебей, көп окубай калабы деп кооптонуп жатам", - деген лотереянын жеңүүчүсү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.11.2022. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына сага... Мына чыныгы гений, чыныгы акылмандык деп айтса болот. Илгертен даанышмандардын айтканы бар аял менен балаңа көп сырыңды айта бербе деген
03.11.2022. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде бутун кыргызстан билмейинче жанын жай албайт сурабаса деле айтасын лотерия утуп алдым деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: