super.kg logo

Володимир Зеленський деңизди көрүү үчүн Крымга бара турганын айтты

 

Украинанын президенти Володимир Зеленський чехиялык телеканалга берген маегинде деңизди көргүсү келип жатканын, бул үчүн Крымга бара турганын билдирди.

"Эгер Украина жаңжалда жеңишке жетсе, биринчи кезекте эмне кылат?" деген суроого жооп берип жатып, "Мен Крымга барам. Деңизди чындыгында көргүм келет" деген Зеленський.

Журналист бул качан болушу мүмкүн экенин сураганда, Зеленський кышында болбой турганын айтты.

"Кышында деңизде эмне кылыш керек? Мен ал жакка жылуу болгондо барам", - деп жооп берген ал.

Ушул эле маегинде Зеленський дүйнө коомчулугун өзөктүк согуштан коркпоого чакырды.

"Мен мындан коркуунун, Орусиядан коркуунун кереги жок деп эсептейм", - деп кошумчалаган Зеленський.

Крым 2014-жылдын мартында Украинадагы төңкөрүштөн кийин референдум аркылуу Орусиянын аймагына айланган. Референдумда Крымда шайлоочулардын 96,77 пайызы Орусияга кошулуу үчүн добуш берген. Украина дагы эле Крымды өзүнүн убактылуу оккупацияланган аймагы деп эсептейт. Бул маселеде көптөгөн батыш өлкөлөрү Киевди колдойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.11.2022. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне кереги бар бизге мунун денизди корбоо ...короорун? Башка нормалдуу жанылыгынар жокпу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: