Филиппиндеги тайфун 132 адамдын өмүрүн алды





Филиппинде болгон "Нальгае" тайфунунда каза болгондордун саны 132ге жетти. Бул тууралуу Риа Новостиге шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазышты.
Кабарлангандай, кырсыктын кесепетинен болжол менен 2,5 миллион киши жабыр тарткан. Ал эми 866 миң жаран үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон.
Апааттан каза болгондордун саны 132 адамга жетсе, 100дөн ашуун адам жаракат алган. Дайынсыз болуп жаткандардын саны 33 экени белгиленди.
Филиппиндин борбору Манила шаарындагы Ниной Акино эл аралык аэропортунда аба ырайына байланыштуу 100дөн ашуун каттам токтотулду.
Филиппинде жыл сайын орто эсеп менен 20 бороон жана тайфун орун алат. Ал эми 2013-жылы болгон "Хайян" тайфунунан 6 миңден ашуун адам каза болуп, чоң кыйроолорго учураган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.