super.kg logo
  Саясат  

Ош. Бүгүн шаарда депутат Ахматбек Келдибековду бошотуусун жана экс-мэр Мелис Мырзакматовдун жумушуна кайтып келүүсүн талап кылган митинг болуп өттү (фоторепортаж)

 
Митингдин жүрүшүнөн.
Митингдин жүрүшүндө аянттагы дубалга экс-мэр Мелис Мырзакматовдун сүрөттөрүн жабыштырышты.
Митингге кичинекей шаардыктар да келишти.
Митингге болжол менен 1000ден ашуун адам келди.
15тей аксакалдын Өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбековдон экс-мэр Мелис Мырзакматовдун дайынын билүү үчүн кирип бараткан кездери.
Митингчилердин атынан келген аксакалдар өкмөттүн өкүлү Сооронбай Жээнбековду күтүшүүдө.
Өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков аксакалдар менен жолугуп, сүйлөшүүлөр башталды.
Учурдагы Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алимжан Байгазаков митингчилер менен жолугушуп, аларга суукта үшүбөй кетип калууларын жана Мелис Мырзакматов эртең шаарга келип эл менен жолугушаарын айтты.
Шаар мэринин милдетин аткаруучу Алимжан Байгазаковдун сөзүнөн кийин митингчилер таркай башташты.
Шаар мэринин милдетин аткаруучу Алимжан Байгазаковдун сөзүнөн кийин митингчилер таркай башташты.
Митингчилер таркай башташты.
Оштун борбордук аянтынын саат 17:00догу көрүнүшү.
Бүгүн, 6-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында 20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековду тарапташтары жана экс-мэр Мелис Мырзакматовдун жумушуна кайтып келүүсүн талап кылган эл митингге чогулду. Митингчилердин саны болжол менен 1000ден ашуун болду. Төмөндө бүгүнкү митингдин жүрүшүнөн айрым көз ирмемдер...





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: