super.kg logo

2023-жылы Москвада иштеген мигранттарга патент 6600 рублга чейин көтөрүлөт

 

2023-жылы Москвада иштеген эмгек мигранттарынын патенти 6600 рублга чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Москванын экономикалык саясат жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Дарья Мурченко билдиргенин орус басылмалары жазышты.

"2022-жылы Москвадагы эмгек мигранттарынын расмий маянасы 11,5 пайызга өскөн. Буга байланыштуу патенттин баасын пропорционалдуу түрдө айына 6600 рублга чейин көтөрүү сунушталууда", - деген ал.

Быйыл, 2022-жылы Москвада мигранттар үчүн патент айына 5900 рублду түзөт.

Мурченко белгилегендей, патенттин баасын көтөрүү мигранттардын салык жүгү менен орусиялыктардын салык жүгүн теңдөөгө жардам берет. Патент үчүн төлөм толугу менен Москванын бюджетине түшөт. Патент баасын көтөрүү менен Орусиянын бюджети кошумча 3 миллиард рубль болору айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: