super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Жаш спортчу Канат Келдибеков эрежесиз эр уруш боюнча бир айда 3 жолу жеңүүчү болду

 

Жаш спортчу Канат Келдибеков эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык мелдеште 3 жолу катары менен жеңүүчү аталганын анын машыктыруучусу Улан Токтосун уулу билдирди. Машыктыруучу мындай дейт: "Алгач Кочкор районунда өткөн эрежесиз мушташ боюнча мелдеште Канат 1-орунду ээлеп, Евразия чемпиондугуна жолдомо утуп алган. 29-30-ноябрда болгон профессионалдар арасындагы Евразия чемпиондугунда 60 килограммдык салмакта таймашып, 1-орунду жеңип алды. 300 АКШ долларына сертификатка да ээ болду. 4-5-декабрь күндөрү Бишкекте өткөн эл аралык профессионалдар арасындагы мелдеште да 1-орунду алды". Машыктыруучу бул мелдешке Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын спортчулары катышканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: