super.kg logo

Супер фактылар: Дүйнөдө абасы эң таза кайсы өлкө экенин билесизби?

 

Азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча экологиялык көйгөйлөр абдан курч. Көптөгөн өлкөлөрдө айлана-чөйрөнүн абалын мүмкүн болушунча сактоого жана жакшыртууга аракет кылып, барган сайын жаңы жолдорду ойлоп табууда.

Супер фактылар рубрикасында дүйнөдөгү абасы эң таза өлкөгө токтолобуз.

  • The Forbes басылмасынын рейтинги боюнча Швейцария дүйнөдөгү экологиялык жактан эң таза өлкө. Рейтингди түзүүдө абанын тазалыгынан, суунун сапатынан баштап пестициддерди колдонууга чейин эске алынган. Бул критерийлер боюнча 140 мамлекет каралган. Ал эми Швейцария бул критерийлер боюнча эң көп упай топтогон.

Бул өлкө Германия, Франция, Австрия, Италия жана Лихтенштейн менен кошуна. Анын басымдуу бөлүгү Альп тоолорунда, ошондуктан көптөгөн аймактардын тургундары чыныгы альп абасынан ырахат алышат.

  • Швейцариянын жаратылышы абдан кооз. Бийик тоолордун бийиктиги 3500 метрге жакын. Эң бийик жери - Дюфур чокусу, бийиктиги 4634 метрге чейин жетет. Кээ бир чокулар мөңгүлөр менен капталган, алардын ортосунда фирн талаалары бар. Альп тоосунун түндүк-батышында дөңсөөлөр, таза көлдөр жана дарыялар бар. Ал эми Швейцариянын жаратылышынын кооздугуна өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн ээлеген токойлор кирет.

Ал эми Швейцария адам башына ИДПнын көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири. Ошондон улам өлкө бийлиги айлана-чөйрөгө жана жарандардын өмүрүнүн узактыгына кам көрөт. Айтмакчы, бул жерде жашоонун орточо узактыгы 81 жашты түзөт.

  • Швейцария таштандыларды кайра иштетүү боюнча лидер. Өлкөнүн аймагына жараша, бул жерде бардык калдыктардын 66 пайыздан 96 пайызга чейин кайра иштетилет. Мындан тышкары бул жерде таштандыларды чыгаруунун бүтүндөй системасы иштелип чыккан, иргөөдөн баштап таштанды маркировкаланган атайын баштыктарга чейин.

Ал эми жашоочулар талаптарды аткарбаса, ири өлчөмдө айып пул төлөшөт.

  • Өлкөнүн аймагында ал тургай унаа айдоого тыюу салынган шаар бар. Цермат шаарында (бул эң атактуу курорттук шаарлардын бири) электромобилдерге гана уруксат берилген.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: