super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов Алдыңкы тажрыйбалар борборлорунун ачылыш аземине катышты

 

3-ноябрда Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинде Алдыңкы тажрыйбалар борборлорунун ачылыш аземи өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Канокпан Лао-Арайя катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда Балыкчы, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Нарын, Ош жана Токмок шаарларындагы пилоттук колледждерде да ушундай борборлордун ачылыш аземи болуп өттү.

Эдил Байсалов жана Канокпан Лао-Арайя оңдоо иштери жүргүзүлгөндөн кийинки Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинин абалы менен таанышып чыкты.

“Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында пилоттук колледждерди реконструкциялоодон кийин 5 миллион сомдон ашык каражат үнөмдөлүп, аны республиканын дагы 9 колледжин реконструкциялоого жумшоо пландаштырылып жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: