super.kg logo

АКШ Өзбекстанга аскердик техника берди

 

АКШ Өзбекстандын Коргоо министрлигинин атайын операциялык күчтөрүнө Polaris MRZR үлгүсүндөгү 50 жеңил тактикалык күжүрмөн унаасын тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Өзбекстандагы элчилиги маалымдады.

Андагы маалыматка ылайык, жабдуулар 26-октябрда АКШнын Коргоо министрлигинин “Өнөктөштөрдүн потенциалын жогорулатуу” программасынын алкагында берилди. Унаалар 2 миллион 800 миң долларга бааланып, Өзбекстанга берилген америкалык коргонуу буюмдарынын бир бөлүгү экендиги айтылат.

АКШнын Борбордук кургактагы күчтөрүнүн командачысынын орун басары, генерал-майор Вендул Хаглер 26-октябрда Өзбекстандын Коргоо министрлигинин атайын операциялык күчтөрүнүнө техникаларды тапшырган.

"Бул жабдуулардын берилиши АКШнын Өзбекстанга улуттук эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоого салым кошуу үчүн сунуштап жаткан жардамдын бир түрү гана. Америка Кошмо Штаттары акыркы 31 жыл ичинде олуттуу илгерилеген өнөктөштүгүбүздү мындан ары да өнүктүрүүнү чыдамсыздык менен күтөт", - деп билдирген генерал-майор Хаглер өз сөзүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: