Президент А.Атамбаев Түштүк Африка Республикасынын Президенти Жейкоб Зумага Нельсон Манделанын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты
Бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын
Президенти Алмазбек Атамбаев Түштүк
Африка Республикасынын Президенти Жейкоб Зумага демократия жана эркиндик
идеалдары үчүн күрөшкөн, ысымы ааламга таанымал Түштүк Африка
Республикасынын мурдагы Президенти Нельсон Манделанын дүйнөдөн кайткандыгына
байланыштуу көңүл айтуу жолдоду.
Автор: Автандил Добулбеков
Көңүл айтуунун тексти төмөндө:
“Улуу урматтуу, Демократия жана эркиндик идеалдары үчүн күрөшкөн ысымы ааламга таанымал, Түштүк Африка Республикасынын мурдагы Президенти Нельсон Манделанын дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
“Улут атасы” катары өз элинин эркиндиги жана өлкөдө тынчтыкты кайра калыбына келтирүү үчүн Нельсон Мандела узак жана татаал жолду басып өттү. Нельсон Манделанын жаркын элеси биздин жана келечек муундун эсинде түбөлүккө сакталат. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Түштүк Африканын бардык элине терең кайгыруу менен көңүл айтам”.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

