super.kg logo
  Саясат  

Марат Иманкулов КМШ өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты

 

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 3-ноябрда Москва шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын мааракелик онунчу жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Марат Иманкулов учурдагы чакырыктар менен коркунучтарга токтолуп, алар кичирейбей, мутацияланып, көп багыттуу, тез өтүүчү жана кооптуу болуп баратканын белгиледи.

"Ар бир мамлекет ар тараптан соккуларды алып, заматта геосаясий оюндардын бутасына же куралына айланып кетиши мүмкүн. Бир эле өлкө коркунучтардын бүтүндөй комплексине өз алдынча туруштук бере албайт. Эл аралык коопсуздук кимдир бирөөнүн агрессивдүү амбицияларынан көз каранды болбошу керек. Дестабилдештирүү аракеттерине натыйжалуу каршы туруу зарыл. Ушуга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы баса белгилегендей, Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнүн жана дүйнөлүк коомчулуктун жалпы комплекстүү иши өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты куруу, ошондой эле өнүгүү жолунда туруктуулуктун жана тынчтыктын кызыкчылыгында компромисстерди табуу үчүн зарыл", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, КМШ форматында компетенттүү түзүмдөрдүн ортосунда ыкчам маалымат алмашууну күчөтүү сунушталды. Ошондой эле өз ара ишенимди бекемдөө жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу, Куралдуу күчтөрдүн сандык жана сапаттык курамы жөнүндө, чек ара райондорунда жана чек арага жакын жерде жайгаштырылган оор техниканын, танктардын, артиллериянын, бир нече учуруучу ракеталык системалар (эгерде бул Шериктештиктин тышкы чек араларына тиешелүү болбосо) тууралуу бири-бирине маалымат берүү сунушталгандыгы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: