super.kg logo

Beeline бардык каалоочуларды IT боюнча акысыз курстарга кабыл алып жаткандыгын билдирет

 

Кыргызстандын бардык аймактарынан 75 адам IT курстарын бекер окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, ал эми курстан кийин эл аралык компанияда стажировкадан өтүп, Beeline компаниясынан баалуу сыйлыктардын ээлери боло алышат.

Социалдык стратегиянын алкагында компания өлкө боюнча өсүп келе жаткан муунду өнүктүрүүгө багытталган билим берүү долбоорлорун колдойт жана ишке ашырат. Жана экинчи жыл катары менен эң актуалдуу IT-кесиптерди үйрөтүүгө багытталган долбоорду ишке ашырууда. Beeline өлкөнүн жана коомдун өнүгүшүнө, өзгөчө артыкчылыктуу багытка айланып бараткан жаштардын өнүгүүсүнө дайыма салым кошуп келет.


Бул долбоор Билим берүү демилгелер фонду менен ишке ашып жатат, акысыз жана IT сыяктуу тез өнүгүп жаткан тармакта потенциалдуу адистердин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. Долбоор сапаттуу жана инновациялык билим алып, IT коомчулугунун алдыңкы адистеринин классына кошула ала турган көптөгөн жаштар үчүн иштелип чыккан. Бүтүрүүчүлөр алган техникалык билимдерин өз иштеринде колдоно алышат, анткени катышуучулар келечекте өлкөнүн ири компанияларында жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кыргызстандын бардык аймактарынан компьютердик сабаттуулук жана программалоонун негиздери боюнча базалык билими бар 75 адам Beeline курстарында бекер окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Окутуу онлайн жана оффлайн режиминде өтөт. Аймактардан келген катышуучулар онлайн режиминде окуп, насаатчылар менен дайыма байланышта болушса, бишкектик студенттер курстан офлайн өтүшөт. Студенттер үчүн маал-маалы менен мастер-класстар жана IT эксперттери менен жолугушуулар өткөрүлөт.

Компания ошондой эле жеткиликтүүлүк билим алуунун маанилүү компоненти деп эсептейт, ошондуктан ноутбуктар менен компьютерлердин жоктугунан өз алдынча окууга мүмкүнчүлүгү жок катышуучулар үчүн уюштуруучулар жабдылган жана Интернетке туташтырылган акысыз коворкинг борборлорун камсыздайт.

Борборлордун аталыштары жана даректери:

1. Жалал-Абад шаарындагы облустук китепкананын базасындагы Beeline коворкинг борбору, Ленин көч., 20.

2. Бишкек шаарындагы КМТУнун (Политехникалык университеттин) базасындагы Beeline коворкинг борбору.

3. Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районундагы №9-китепкананын базасындагы Beeline коворкинг борбору, Чүй пр., 111.

Катышуучулар кайсы багыттарда билим алышат жана кантип катталуу керек?

  • Долбоорлук менеджмент (окуу мөөнөтү 3 ай, башталышы 15.11.2022)
  • Data Science – чоң маалыматтар жөнүндө илим (окуу мөөнөтү 6 ай, башталышы 25.11.2022)
  • Системалык администрациялоо (окуу мөөнөтү 4 ай, окутуу тили – кыргыз, башталышы 05.12.2022)
  • SQL – маалыматтар базасынын аналитикасы (окуу мөөнөтү 3 ай, башталышы 15.12.2022)
  • Маалыматтык коопсуздук (окуу мөөнөтү 1 ай, башталышы 20.01.2023)

Каалоочуларды каттоо ар бир курстун башталышына 5 күн калганда токтотулат. «Долбоорлук менеджмент» багыты боюнча катышууга арызды 2022-жылдын 10-ноябрына чейин калтырсаңыз болот.

Катышуучуларды тандоодон кийин бардык кирүү сынактары онлайн форматында өткөрүлөт жана бул биринчи кезекте аймактардын жашоочулары үчүн процессти тездетет.

Тез арада катталып, Beeline-дан келечектүү долбоордун катышуучуларынын катарында болуңуз!

Курстарга катталуу төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://beeline.kg/ru/it-courses

Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: