super.kg logo

Кантип чет өлкөдө өз номери менен жүрүп, роумингден үнөмдөөгө болот

 

Чет өлкөдө акысыз вай-фай – мыкты мүмкүндүк экени шексиз. Бирок адашып кетсеңиз, картаны да карап, такси да чакырыш керек болот. Мындай учурда өчөшкөндөй роутер да табылбай калат.

Байланыш сөзсүз керек, болгондо да өлкөгө кайтканда ашыкча чыгымсыз. Бул болсо – О! интернет-роуминги. Мобилдик оператор Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай, Сауд Аравиясы, Таиланд, Вьетнам, Армения, Украина, Грузия, Беларусь, Испания, Бельгия, Дания, Люксембург, Кувейт сыяктуу 17 өлкөдө роумингди 1 мегабайт үчүн 1 сомго сунуштайт.

Роумингде 1 МБ эмнеге колдонсо болот? Болжол менен элүү билдирүү жиберүүгө же мессенджерлердин биринен эки мүнөт сүйлөшүүгө болот. Фильмдерди, көлөмдүү сүрөттөрдү «кийинкиге калтыруу» зарыл экенин эстен чыгарбайбыз. Мындан тышкары мобилдик маалыматтар аркылуу тиркемелердин автожаңылануусун өчүрүп коюңуз, антпесе смартфонуңуз өз алдынча интернетке кирип, аларды жаңылап турат.

Пайдалуу интернет-топтомдор менен дагы көбүрөөк үнөмдөй аласыз. Алар менен пландалгандан тышкары сарптай албайсыз жана роуминде интернетти 10% арзандатуу менен аласыз:

  • «Интернет-роуминг 50 МБ». Кошуу буйрутмасы: *997*50# (45 сом)
  • «Интернет-роуминг 100 МБ». Кошуу буйрутмасы: *997*100# (90 сом)
  • «Интернет-роуминг 250 МБ». Кошуу буйрутмасы: *997*250# (225 сом)

Компаниянын кеңселерине барбай туруп, акысыз жана оңой кошуп алыңыз. Сервисте абоненттик төлөм жок. Болгону Кыргызстандан чыгардын алдында *997# акысыз буйрутмасын терүү же «Мой О!» тиркемесинен керектүү топтомду активдештирүү жетиштүү.

Бул жерден балансыңызда каражат таптакыр калбай калган учурда кантип жакындарыңызга өзүңүздөн кабар бере турганыңызды билип алсаңыз болот.

996 705 700 700 WhatsApp номери боюнча 24/7 онлайн-колдоо ар дайым жеткиликтүү. Топтомдордун баасы КНС жана СС эсепке алынып көрсөтүлгөн. Кошумча маалыматты o.kg сайтындагы «Интернет-роуминг» бөлүмүнөн таба аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: