super.kg logo
  Саясат  

“Туризм жөнүндө” мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү кирди

 
2013-жылдын 5-декабрында президент Алмазбек Атамбаев “Туризм жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 31-октябрында кабыл алынган болчу.

Мыйзам 1999-жылдын 25-мартындагы № 34 “Туризм жөнүндө” мыйзамдын айрым ченемдерин тактаган жана аларды КРнын Конституциясына шайкеш келтирүүгө багытталган редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү камтыйт. Түшүнүк аппараты деген такталат: (1-берене “туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган” түшүнүгү менен толукталган), мыйзамдын 3, 10, 15-беренелерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Азыркы мыйзамдын 2-беренесинин (Кыргыз Республикасынын туризм жөнүндө мыйзамдары), 16-беренесинин 1-бөлүгү (Туризм тармагы үчүн кадрларды даярдоо), ошондой эле 16-беренесинин (Туризм чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык) жана 17-беренесинин (Ушул мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик) жаңы редакциялары берилди. 

Мыйзам туризм тармагындагы ишмердүүлүктү жөнгө салган колдонуудагы мыйзамдын негизги жоболоруна өзгөртүү киргизбейт. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: