super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Камбоджанын премьер-министрин куттуктады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Камбоджанын премьер-министри Хун Сенди өлкөнүн көз карандысыздыгын калыбына келтирүү күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

"Камбоджа королдугунун улуттук майрамы — Көз карандысыздыгын калыбына келтирүү күнү менен кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм.

Биргелешкен аракеттерибиз менен эки өлкөнүн ортосундагы зор потенциалга ээ болгон мамилелер саясий өз ара ишенимдин жана урматтоонун алкагында мындан ары да чыңдала берет деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Хун Сенге ийгилик, чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми дос Камбоджа элине тынчтык жана өнүгүү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: