super.kg logo

"Дарыгерлер шашылгыла деп жатат". 23 жаштагы эки баланын энеси Элиза Абдумажит кызы жардамга муктаж

 

23 жаштагы Элиза Абдумажит кызы учурда оор акыбалда. Анын эки бөйрөгү тең иштебей, гемодиализ аппаратына туташтырылган.

Кыздын апасы Салия Нуралиеванын айтымында, Элизага тез арада операция жасалышы керек.

"Кызым кош бойлуу болгондуктан 9-сентябрь күнү анализ тапшырууга барганбыз. 10-сентябрь күнү кайра жандандыруу бөлүмүнө которулуп, 14-сентябрь күнү көз жарды. Операция оор өттүбү биз билген жокпуз, саат 12де операцияга кирип, саат 4тө чыкты. Кызым ошону менен эле комага түшүп калды. Буга чейин оорунун эч кандай белгиси болгон эмес, белги болсо биз каратмакпыз. Азыр кызымдын эки бөйрөгү тең кургап калды. Ага 40 миң доллар керек экен. Кыргыз элим сиздерден көптөн-көп өтүнөм, жардам бериңиздерчи. Дарыгерлер өтө тез кыймылдагыла деп жатат. Аргабыз калбай калды. Кызыма атасы донор болот. Ал бүгүн эле Москвадан келди. Эртеңден баштап анализдерди тапшырып баштайбыз. Кайдыгер эмес жарандардан Аллах ыраазычылыгы үчүн жардам сурайт элек. Кызымдын абалы күндөн-күнгө оорлоп жатат. Учурда 120 миң сомдой чогулду", - деп көзүнө жаш алды Салия Нуралиева.

Ошондой эле ал кызы гемодиализ аппаратына туташканына 50 күн болгонун кошумчалады.

"Гемодиализ аппаратына туташканына 50 күн болду. Эми менчик клиникага которушту, ошол жактан ала баштайт экен. Досторубуз, тааныштарыбыз жардам берип жатышат. Кызымдын акыбалы оор болгондуктан каражат көп кетет экен", - деди ал.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер;

Сбербанк: 4817760045644352, Ергешова.П эжеси;

О Деньги: +996508132829 А к.Элиза;
Мбанк: +996 559 773 372 Салия Н;
Оптима: 4169585357840080 А.к.Элиза.






23 жаштагы эки баланын энеси Элиза Абдумажит кызы жардамга муктаж

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: