Супер фактылар: Жалкоолукту жеңүүгө жардам берген япон методун билесизби?

"Дүйшөмбүдөн баштап жаңы жашоо баштайм, спорт залга барам, йога менен машыгам, китеп окуйм...” деген сыяктуу ар бирибиз мезгил-мезгили менен алдыбызга кандайдыр бир максаттарды коёбуз. Бир күн же бир жума алек болгондон кийин убакыттын тардыгына шылтоо кылып тыштап салабыз.
Эмне үчүн? Анткени жаңы көндүм дароо калыптанбайт жана денени көп кыйноого болбойт. Ага акырындык менен организмди көндүрүп, өзүн кыйноо жолу менен эмес, өз каалоосу менен жасай турган адатка айлантуу керек. Ага кантип жетүүгө болот деген суроого япондордун кайдзэн методу же жөнөкөй тил менен айтканда "1 мүнөт принциби" менен жооп алсак болот.
Кайдзен методунун (негиздөөчүсү Масааки Имаи) маңызы - адам белгилүү бир иш менен так 1 мүнөт, бирок күн сайын ошол эле учурда алектенет. 1 мүнөт убакыт өтө аз, демек бул ар бир адам үчүн оңой. Жалкоолук да тоскоол болбойт. Жарым саат бою кылгыңыз келбеген ишти бир мүнөттө оңой эле жасай аласыз. Күн сайын 1 мүнөттөн алектенүү менен аны көнүмүш адатка айлантуу оңой жана кызыктуу болот.

