super.kg logo

Супер фактылар: Бир кезде дары катары колдонулган кетчуп тууралуу кызыктуу фактылар

 

Ар бир үйдөгү муздаткычта сөзсүз бар болгон азыктардын бири кетчуп. Кетчуп дээрлик бардык тамак менен жакшы айкалышкан көп кырдуу татымал болуп саналат. Бүгүнкү супер фактылар рубрикасында дал ушул татымал тууралуу кызыктуу фактыларды айтып беребиз.

Кетчуп Кытайда ойлоп табылган

Макарон жана пицца үчүн бул негизги ингредиентти ким ойлоп тапкан деген суроого көпчүлүк америкалыктар деп жооп берет. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул соустун тарыхы Кытайга барып такалат.

Кытай диалектинен которгондо «ке-циап» «балык соусу» дегенди билдирет. Байыркы Кытайда бул татымал жаңгак, козу карын, соя кошуп даярдалган. Бирок помидор кошулчу эмес. Андан кийин азиялык татымал Улуу Британияга, ал жерден Америкага тарап, жергиликтүү ашпозчулар кетчупка помидор кошуу идеясын ойлоп табышкан.

Кетчуптун чыныгы популярдуулугу 19-кылымда келген

Америкалык ишкер Генри Хайнцтын аркасы менен америкалыктар кетчуп менен жөнөкөй эле тамак кызыктуу жана даамдуу болоорун түшүнүшкөн. 1896-жылы New York Times гезити кетчупту "Американын улуттук татымалы" деп атаган. Ошондон бери томат соусу дасторкондун ажырагыс элементи бойдон калууда.

Кетчуп дары катары да колдонулган

19-кылымда кетчуп дары катары эсептелип, помидор таблеткалары катары сатылган. Мындай идея Огайо штатындагы Виллоуби университетинин медициналык бөлүмүнүн төрагасы, доктор Жон Куктан чыккан. Ал помидор ич өткөк, сарык, диспепсия сыяктуу ооруларды айыктырат деп ишенген.

Рактын алдын алууга жардам берет

Айрым окумуштуулар кетчуп жүрөк үчүн пайдалуу жана рактын кээ бир түрлөрүн азайтууга жардам берет деп эсептешет. Кетчуп - помидорго кызыл түс берген химиялык ликопиндин эң сонун булагы. Ликопин - эркин радикалдар менен шартталган сезгенүүнү жана клетка зыянын басуучу антиоксидант болуп саналат. Чийки помидор кетчуп сыяктуу ден соолукка пайдалуу эмес, анткени бышкан помидор азыктарын организм жакшы сиңирет. Бышырылган тамактарда ликопиндин деңгээли да жогору болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: