"Үй-бүлөсүн чогултуп". Дүйнө чемпиондугуна катыша турганын уккан бразилиялык футболчунун эмоциясы (видео)



Футбол боюнча Бразилия улуттук курама командасы Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна карата акыркы курамын жарыялады.
Акыркы курам түз эфирде жарыяланган. Анда курамга чакырылган ар бир футболчунун аты айтылган.
Интернет желесинде футболчу Ришарлисондун эмоционалдуу видеосу тарады. Ал улуттук курамга чакырылганын уккандан кийин ордунан тура калып секирип, жакындары менен кучакташкан.
25 жаштагы футболчу учурда Англиянын "Тоттенхэм" футболдук клубунун чабуулчусу. Ал Дүйнө чемпиондугуна алгачкы ирет катышат.
Ришарлисондун эмоциясы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.