"Кабатыр болбоңуздар". Балбак Түлөбаев малга салык салууга каршы экенин айтты (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев коллегасы Жеңишбек Токторбаев тарабынан сунушталган малга салык салуу боюнча пикирин билдирди.
Эске салсак, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев мал жандыктарын кармагандардан салык алууну сунуштаган. Анда Токторбаев 1 жылга койго 100 сом, ири мүйүздүү малга жана жылкыга 250 сомдон салык алууну сунуш кылган.
Депутат Балбак Түлөбаев бул сунушка жеке өзү каршы экенин билдирди. Анын айтымында, бул аябай оор жана татаал процесс.
"Мага "малга салык киреби?" деген көптөгөн кайрылууулар келип жатат. Эми Жогорку Кеңеште ар ким өзүнүн оюн айтканга укугу бар. Мен Жогорку Кеңештин агрардык комитетинин орун басары катары бизге мындай сунуш келип түшө элек. Бул аябай оор жана татаал процесс. Аны айтса эле эртең кире калбайт. Биринчи өкмөттөн, андан кийин коомдук угуудан өтүшү керек. Буга бир жылдай убакыт кетет.
Менин жеке оюмча, бул сунуш өтпөйт. Себеби кыргыздар мал киндиктүү. Азырынча бул аябай оор, татаал. Жогорку Кеңештеги башка коллегалар бул сунушту колдобойт болушу керек деп ойлойм. Жеке мен колдобойм. Ошондуктан айтса эле өтүп кетет экен деген пикирден алыс бололу. Сиздерден өтүнүч, кабатыр болбоңуздар. Баарын сиздер менен кеңешип жасайбыз", - деди Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев малга салык салуу боюнча пикирин айтты
