super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга барышы күтүлүүдө

 
Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров кечээ, 7-ноябрда Эр-Риядда Сауд Арабиянын ТИМ башчысынын орун басары Валид Аль-Хурейжи менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешип, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары бекемдөө боюнча кадамдарды талкуулашты.

"ТИМ башчыларынын быйылкы жылдагы өз ара расмий сапарларын эске алуу менен тараптар жакын арада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга расмий сапарын уюштурууга бардык күч-аракетти жумшоону макулдашты", - деп жазылат маалыматта.

Тараптар ошондой эле Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы долбоорлорду алдыга жылдырууну талкуулагандыгы айтылат.

Жолугушуунун соңунда Мадмаров Аль-Хурейжини Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакыргандыгы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: