super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлуну кабыл алды

 

Бүгүн, 8-ноябрда президент Садыр Жапаров өлкөгө сапар менен келген Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлуну кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда практикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы коомдук коопсуздук, жарандык коргонуу жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жаатындагы макулдашууларды ишке ашыруу жана башка актуалдуу багыттар боюнча пикир алмашуу болду.

"Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелер мындан ары да чыңдала берерине ишеним билдирди, анын ичинде өлкөлөрдүн ички иштер министрликтеринин ортосунда дагы. Муну Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен болгон акыркы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр тастыктайт", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Сулейман Сойлу жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Түркия лидеринин саламын жеткирди. Ал кыргызстандык кесиптештер менен биргеликте коопсуздукту камсыздоо, терроризм жана экстремизм, мыйзамсыз миграция жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатында кызматташуу боюнча кеңири сүйлөшүүлөр болгонун маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: