super.kg logo

MegaPay тиркемесинен кыймылсыз мүлк тууралуу маанилүү маалыматты онлайн алыңыз

 

MegaCom компаниясы «Кадастр» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте, «Түндүк» Мамлекеттик башкармалыгынын колдоосу менен MegPay тиркемесиндеги «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен маалымкаттар» жаңы сервисинин иштеп баштагандыгын кубануу менен маалымдашат.

Сервистин жардамы менен смартфон аркылуу кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык кодун көрсөтүп (КМБ коду), жарандар арыз калтырып жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктары жөнүндөгү тийиштүү документтерди, мүлктүн техникалык абалы тууралуу документти ыкчам алып, ошондой эле мамлекеттик реестрден көчүрмөнү тууралоо иштерин онлайн режимде ишке ашыра алышат.

MegaPay’ден кыймылсыз мүлк тууралуу кандай маалымкаттарды алууга болот?

  • Кыймылсыз мүлктүн техникалык абалы тууралуу маалымат – техникалык абалды көрсөткөн документ (курулган жылы, менчиктин формасы, аянты, кабаттын саны ж.б.).
  • Кыймылсыз мүлккө болгон укуктун тарыхы – мүлккө болгон укук тууралуу маалыматты камтыган маалымкат жана кыймылсыз мүлктүн санына болгон чектөөнүн бар же жок экендиги тууралуу тарыхын камтыган маалымкаттар.
  • Мамлекеттик каттоо реестринен кыймылсыз мүлккө болгон укуктар жана чектөөлөр боюнча маалыматты камтыган көчүрмө.

Маалымкатты кантип тариздеп жана алууга болот?

  • MegaPay тиркемесин жаңылаңыз (жүктөп алуу үчүн App Store же Google Play’де жеткиликтүү);
  • «Сервистер» бөлүмүнө өтүп, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен маалымдамалар» кызматын тандаңыз;
  • андан кийин ала турган документти жазып кыймылсыз мүлктүн код бирдигин териңиз;
  • транзакцияны тастыктаңыз.

Даяр!

Бардык алынган аныктамалар «Менин маалымкаттарым» бөлүмүндө көрүнүп турат.

Документ толтуруу жана аны алуу кызматы үчүн комиссия 7 сомду түзөт.

* MegaPay колдонуучусу кызматты КРнын Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кадастр» мекемесинин маалыматтык системасына тиешелүү түрдө жазылганда ала алат.

MegaPay – күнүмдүк жашооңуздагы ар тараптуу жардамчыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: