super.kg logo
  Спорт  

"Катар-2022": Дагы бир жылдыз футболчу Дүйнө чемпиондугуна катышпай калды

 

Германиянын "Бавария" футболдук клубунун жана Сенегал курамасынын чабуулчусу Садио Мане жаракатынан улам Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катыша албайт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Мане бүгүн, 9-ноябрга караган түнү өткөн Германия чемпиондугунун алкагындагы "Бавария" - "Вердер" беттешинде тарамышынан жаракат алган. Ал Дүйнө чемпиондугу башталганга чейин жаракатынан айыгууга үлгүрбөйт.

Мындан улам Садио Мане Сенегал курама командасынын курамында Дүйнө чемпиондугуна катыша албайт. Сенегал курамасынын Дүйнө чемпиондугуна жолдомо утушуна Садио Маненин эмгеги зор болчу.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 20-ноябрдан 18-декабрга чейин өтөт. Сенегал курама командасы алгачкы оюнун 21-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө Нидерланды курамасына каршы өткөрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: