super.kg logo
  Спорт  

Дагы бир сыймыктуу кызыбыз Мээрим Жуманазарова 23 жашка толду

 

Бүгүн, 9-ноябрда "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, 2021-жылы Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын байгеге ээ болгон белгилүү балбан Мээрим Жуманазарова төрөлгөн.

Мээрим Жуманазарова 1999-жылдын 9-ноябрында Талас облусундагы Оро айылында машыктыруучунун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Рахмадил Жуманазаров эркин күрөш боюнча машыктыруучу болсо, апасы Айнура Чолпонкулова фельдшер-лаборант болуп эмгектенет. Мээрим Жуманазарова 2014-жылы Оро айылындагы орто мектепти бүтүрүп, 2016-жылы Кыргыз эл аралык университетинин колледжин аяктаган. 2017-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырган. 2011-жылдан баштап Мээрим Жуманазарова белгилүү машыктыруучу Нурбек Изабековдун алдында машыгып, мелдештерге катышып келет.

Жетишкендиктери: 2014-жылы Таиландда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда коло медалды тагынган;

2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунада коло медалга ээ болгон;

2016-жылы Дүйнө чемпиондугунда да коло медалды тагынган;

2017-жылы Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль, Дүйнө биринчилигинде коло медаль;

Жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль алган;

2018-жылы Азия чемпиондугунда коло медаль;

Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль;

Индонезияда өткөн Азия оюндарында коло медаль алган;

2020-жылы Белград шаарында өткөн Дүйнө Кубогунда алтын, 2021-жылы Токио шаарында өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарында коло, ошол эле жылы Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон.

9-ноябрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: