super.kg logo
  Спорт  

"Ак шумкарлардын" катарын дагы бир белгилүү футболчу толуктады. Ал ким?

 

Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубунун жарым коргоочусу Магамед Узденов Кыргыз жарандыгын алды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

"Жыл башында Узденов Кыргыз Республикасынын жарандыгын кайтарууну чечип, өлкөбүздүн улуттук курамасы үчүн ойноого өз каалоосун билдирген. Буга байланыштуу КФС Эл аралык футбол федерациясынан (ФИФА) оюнчунун өлкөбүздүн башкы футболдук командасында ойноо мүмкүнчүлүгүнө уруксат алуу үчүн иш жүргүзгөн. ФИФА КФС жөнөткөн оюнчунун документтерин изилдеп жана ФИФА уставынын жоболорун эске алып, Узденов Кыргыз улуттук курамасында ойной ала турганын ырастаган расмий кат жиберди", - деп билдиришти футбол союзунан.

Футболчу коңшу Казакстандын жарандыгын алып, буга чейин аталган өлкөнүн жаштар курамасы менен жолдоштук беттештерде ойногон.

Магамед Узденов учурда "Абдыш-Ата" футболдук клубунун оюнчусу. Ал быйыл канттык клуб менен өлкө чемпиону аталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: