Супер фактылар: Балдарыңыз сүйүп жеген картошка калдырканы кантип пайда болгонун билесизби?

1853-жылы 24-августта эң популярдуу, бирок ден соолукка зыян болгон картошка калдырканы (чипсы) пайда болгон. Супер фактылар рубрикасында балдар эле эмес, чоңдор да сүйүп жеген картошка калдырканы тууралуу бир канча кызыктуу фактыларды айтып беребиз.
- Картошка калдырканын биринчи жолу Moons Lake Lodge мейманканасынын (Нью-Йорк, АКШ) элиталык ресторанынын ашпозчусу Жорж Крам жасаган. Ал ресторандын картошкасынын даамына нааразы болгон темир жол магнаты Вандербилт аттуу кардар үчүн атайын даярдаган. Ал картошканы жука тилимдерге кесип, туздап, ысык майга кууруп туруп нааразы болгон кардарга берген. Таң калычтуусу Вандербилтке бул картошка калдырканы абдан жаккан. Мындан улам чипсы популярдуу болуп, ресторандын менюсуна киргизилген. Ал бай адамдар үчүн ресторандарда гана жеткиликтүү болгон.
Карапайым адамдар аны сатып алууга шарты болгон эмес. 1890-жылы гана Уильям Тэппендэн аттуу ишкер картошка калдырканын көчөдө кууруп, элге сата баштаган. Ал эми 1926-жылы анын кутусу жасалса, 1929-жылы Фриман Макбет аттуу бул азыкты оңой өндүрүүчү машина ойлоп тапкан.
- 1 килограмм картошка калдырканын алуу үчүн дээрлик 4 килограмм картошка керектелет.
Картошка калдырканын жасоо үчүн АКШ соя майын колдонот, ал эми Европада пальма майы колдонулса, Орусияда күн карама майы менен жасалат. Андан соң ага ар түрдүү даам берүүчү жана туз аралашмасы кошулат.
- Картошка калдырканына 2ден 5ке чейин ар кандай кошулмалар колдонулат. Дарыгерлердин айтымында, мындай кошулмалар ичеги-карын ооруларына, аллергияга, ашыкча салмактуулукка, курамындагы туздун көп өлчөмдө болушу бөйрөктүн иштешин начарлатат.
Чипсынын жаратуучусу Жорж Крам 92 жашында каза болгон. Ал эч качан картошка калдырканын жеген эмес, атүгүл аны жек көргөнү айтылат.
- Чипсынын биринчи брендин 1932-жылы Герман Лей негиздеген. Ал өзүнүн урматына компанияны Lay's деп атаган. Азыр бул бренд картошка калдырканын өндүргөн алдынкы компаниялардын бири болуп саналат.
Картошка калдырканын сүйүп жегендердин сап башында америкалыктар турат. Алар атүгүл эл аралык институт түзүп алышкан. Анда жаңы рецепттерди жана түрдүү даамдарды иштеп чыгышат.
- Дарыгерлердин изилдөөсүнө ылайык, картошка калдырканы 4 жашка чейинки балдардын аң-сезиминин өөрчүшүнө терс таасирин тийгизет. Ал эми чоңдор аны көп колдонсо ашыкча салмактуулук, кант диабети, рак илдеттерине алып келиши мүмкүн экенин айтып келишет.
Ден соолукка зыян экенине карабастан аны сүйүп жегендердин саны күн санап өсүүдө. Маселен, дүйнө жүзү боюнча 24-август картошка калдырканынын эл аралык күнү катары белгиленип келет. Сурамжылоодо Батыш өлкөлөрүнүн жашоочуларынын 95 пайызы картошка калдырканын күн сайын колдонору белгилүү болгон.



1 |